Уикипедия: тууралуу

Кыргыз Уикипедиясы учурда :
Уикипедия 1.31.0-wmf.22 (fd29ac3) версиядагы MediaWiki кыймылдаткычында иштейт.
Уикипедияда бардыгы 79,934 макала жана 99,881 барак бар.
Уикипедияда 314,094 оңдоп-түзөө жасалды.
Уикипедияга 2,683 файл жүктөлдү.
Уикипедияга 3 администраторду кошкондо 19,406 колдонуучу катталышты.
Статистика 25 Февраль (Бирдин айы) 2018

Кыргыз тилиндеги Уикипедия — Жер шарынын бүткүл тилдериндеги бир бүтүн энциклопедия түзүү максатын көздөгөн көп тилдүү проекттин бир бөлүгү.

Уикипедияда борбордук редакциялык кеңешме дагы, башкы редактор дагы жок. Ал болгону дүйнөнүн туш тарабындагы ыктыярчылар тарабынан колдоого алынып, толукталып жазылып дээрлик толугу менен башкарылып турат.

Уикипедия жүз-миңдеген кайыр кылып берүүчүлөр тарабынан демөөрлөнгөн жеке менчик коммерциялык эмес мекемеге таандык.

Уикипедия жарнамасыз жана акысыз сервис болуп саналат, жана андагы бар маалыматты ким болсо издей алат.

Издегениңизди таппай койдуңузбу ? Капа болбоңуз! Уикипедияга бир канча убакыттан соң кайра дагы баш багып көрүңүз — балким, сизди кызыктырган маалымат да жазылып калаар. Ага чейин, күткөнчөктү, өзүңүз деле бир-эки макала жаза салсаңыз болот, же болбосо, болгон макалалардан тапкан каталарын оңдоп турсаңыз деле болот!

«Жазган макаламды эми модераторлор жарыялагыча качан...»,- дейттирсиз. Уикипедияда модераторлор да жок! Ар бир кирүүчү каалаган макаланы оңдоп-түздөй алат.

Оңдоо терезесинин төмөн тарабында жайгашкан "баракты сактап кой" баскычын басаар замат өзгөртүүлөр башка кирүүчүлөргө көрүнүп калат. Катталыш дагы милдет эмес (бирок сунушталат).

  1. Ошентсе да, оңдоп-түзөө алдында төмөнкү төрт эрежени эске алып коюңуздар:
  2. Сураныч, автордук укук менен корголгон текст менен сүрөттөрдү жүктөбөңүздөр!
  3. Уикипедия бул — энциклопедия, ошондуктан макалалар болушунча нейтралдуу болушу шарт.
  4. Эгерде сиз талаш маселе боюнча макала жазып жатсаңыз, анда сизге белгилүү болгон бардык көз караштарды келтириңиз.
  5. Эгерде сиз макала жайгаштырууну чечкен болсоңуз, алгач аныктама сөз аркылуу энциклопедиялардан караштырып издеп көрүңүз.

Тектеш Уикидолбоорлор [оңдоо | булагын оңдоо]


Уикипедия
Ачык энциклопедия
Уикикитеп
Окуу китептер
Уикицитата
Цитаталар жыйнагы
Уикикана
Асыл нуска тексттер (азырынча даяр эмес)
Уикитүркүмдөр
Биологиялык түркүмдөр (аңглисче)
Уикижаңылыктар
Жаңылыктар (азырынча даяр эмес)
Уикиказына
Медияфайлдардын жыйнагы (аңглисче)
Метауики
Уикимедиянын проекттери тууралуу (аңглисче)
Dieser Artikel basiert auf dem Artikel Уикипедия: тууралуу aus der freien Enzyklopädie Wikipedia und steht unter der Doppellizenz GNU-Lizenz für freie Dokumentation und Creative Commons CC-BY-SA 3.0 Unported (Kurzfassung). In der Wikipedia ist eine Liste der Autoren verfügbar.